«100 миң доллар пара алган». Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору «пара опузалоого» шектелип кармалганын билдирди.

Тергөөдө шектүү «К.Ж.К.» аттуу кишинин жарандык ишин кайра кароого жөнөтүп оң жакка чечип берүүнү үчүн 97,5 миң АКШ доллар алганы аныкталган.

Андан сырткары сот системасындагы жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап аталган кишиден дагы 35 миң АКШ долларын талап кылганы белгилүү болгон.

Бул фактылар боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды