Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги тургузулду

Зайырбек Ажыматовдун эстелиги. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы.

29-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө чыгаан акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө Маданият министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маркумдун кесиптештери, үй-бүлөсү жана анын жакын санаалаштары катышты.

Алар Зайырбек Ажыматовду «кесипкөй жана мекенчил акындардын символу» катары эскеришти.

Азамат Жаманкулов Ажыматов эч качан унутулбасын айтып, анын жолун артында калган шакирттери улантарын белгиледи.

«Мекенчил аруулук, атуулдук баалулуктарын даңазалаган ырлары көптөгөн кыргызстандыктардын жүрөгүнөн түнөк тапты, мекенге болгон сүйүүсүн арттырды. Анын ырларынын ар бир сабы Ала-Тоонун бийиктигин, мөңгүлөрдүн тунуктугун, жерибиздин кенендигин даңазалайт. Көптөгөн акындар кире албаган адамдын жан дүйнөсүнө терең кирип, өзгөчө бир сырдуу дүйнөнү ачып берди. Ажыматов артында шакирттерди тарбиялап, поэзия мектебин түптөп кетти», — деди ал.

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо Ажыматов өзү өлсө да сөзү өлбөй турганын айтып, поэзияда түбөлүктүү болуп кала берет деп эскерди.

«Зайырбек Ажыматов менен Элмирбек Иманалиевдин өмүрү эсте каларлык өмүр болду. Азыркы учурда айрым адамдардын өзүнөн биринчи сөзү өлүп калып аткан заманда, булардын өзү өлсө да сөзү өлбөй турган из калтырды. Поэзияда Ажыматовдун түбөлүктүү болуп кала берет. Ал күн сайын адам болууу үчүн жашады», — деди Самыйкожо.

Ал 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле жылы журналистикадагы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган.

Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» гезиттеринде, КТРКда эмгектенип, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап жүргөн.

Акын 2020-жылы 29-апрелде кан басымы капыстан түшүп кетип каза болгон. Анын калемдештери, Ажыматовду жакын досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин дүйнөдөн кайтканы терең кайгыга батырганын айтышууда.