Бекешев мамлекеттик ооруканаларда ВИЧ, СПИД жуктургандарга кенемте төлөнбөй жатканын айтты

Министрлер кабинети мамлекеттик ооруканаларда медкызматкерлердин айынан ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алгандарга кенемте төлөп берүү боюнча күчүндөгү мыйзамды аткарбай жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

«2022-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик ооруканаларда ВИЧ-СПИД жуктуруп алгандар 100 миң сом компенсация алышы керек эле. Бул мыйзамды мен VI чакырылышта демилгелеп чыккам. Бирок минкаб иштеп жаткан мыйзамды аткарууга шашпай жатат. Талап кылам!» — деп жазды ал.

*ВИЧ — кыргызчасы АИВ — адамдын иммундук системасына таасир эткен иммун тартыштык вирусу, убакыттын өтүшү менен ар кандай ооруларга — кургак учукка, залалдуу шишиктин өрчүшү, ал тургай сасык тумоого каршы туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. СПИД — АИВ инфекциясынан улам, иммундук системанын бузулушунан келип чыккан оорулардын жыйындысы.

Депутат өзүнүн мыйзамды аткарууну талап кылган кайрылуусуна Саламаттык сактоо министрлигинен келген жоопту да тиркеген.

«Азыркы учурда кенемте төлөнбөй жатат, мындан улам финансы министрлигинен мыйзамга ылайык бул талапты аткаруу боюнча маалымат берүүнү суранып жатабыз», — деп жооп беришти министрликтен.

Мекемеден өлкөдө компенсация төлөнүшү керек богон 391 бала бар экенин кошумчалашты.

2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ооруканаларда ВИЧ-СПИД жуктуруп алган жарандарга бир жолу төлөнүүчү 100 миң сом компенсация төлөп берүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Мурдагы президент кол койгон мыйзам 2022-жылдын 1-мартында күчүнө кирген. Мыйзам 2005-жылдын 23-августунан кийинки убакытты камтыйт жана вирус жуккан маалда жашы жете элек болгондорго да тиешелүү.

Кыргызстанда иммун жетишсиздиги вирусун (ВИЧ) жуктуруп алуудан коргонуучу бир топ ыкмалар жеткиликтүү экенине карабастан, жуктуруп алган адамдар жыл сайын көбөйүүдө.

Кыргызстанда жыл сайын 800гө жакын адамдан АИВ-инфекциясы аныкталат.