Май айынан тартып Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылынбайт

Министрлер кабинети 1-майдан тартып өлкө аймагына кирүүдө ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жөнүндө жобону жокко чыгарды. Мындай чечимди төранын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.

Мекеменин басма сөз кызматы минкабдын кезектеги жыйынына 2020-жылы 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө №93-б буйругун күчүн жоготту деп таанууну караган чечимдин долбоору киргизилерин белгиледи.

Ошондой эле, Эдил Байсалов президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калкты коронавируска каршы эмдөөнү улантууну тапшырды.

Кыргызстандын аймагына кирүү үчүн ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертификат талап кылуу өткөн жылдын 1-декабрында кабыл алынган.

Республикалык штаб соңку күндөрү коронавирус жуктургандардын саны азайып, айрым күндөрү жуктуруунун жаңы учурлары катталбаганын айтууда.

Пандемия башталгандан бери өлкө аймагында 200 990 адамга вирус жуктуруп, 2 991 бейтап илдеттен көз жумду.