Эрбол Султанбаев: президент иликтөөчү журналисттерди «бейтараптуу» болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттап, алар мыйзамсыз иш-аракеттерди көрсөтүп, бийликке жардам берерин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы укук коргоочулар, активисттер менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандагы ЖМКнын ишмердүүлүгүн талкуулады.

Жапаров, басма сөз катчысы билдиргендей, журналисттерден материалдарында бейтараптуулукту карманып, фактыларга таянууну өтүндү.

Ал эми Султанбаев иликтөөлөр үчүн мамлекеттик органдардан так маалыматты алып берүүнү убадалады.

«Иликтөөчү журналисттер маалыматты тактап, текшериш үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууну сунуштайбыз. Эгер, тигил же бул орган маалыматты бербей, ашыкча бюрократия кылса, мага же Президенттин администрациясына кайрылыңыздар. Биз так маалыматты алып беребиз. Өз кезегинде бардык иликтөөлөр ар тараптуу, объективдүү жана адилетүү болушу керек деп дагы бир жолу кайталайбыз», — деп жазган президенттин маалымат катчысы.

Кыргызстандагы ЖМКга болгон коркутуу, куугунтук жана кысым

Акыркы жылдарда журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу, басым жасоо жана иш учурунда түздөн-түз күч колдонуу учурлары көбөйүүдө. Муну «Клооптун» акыркы беш жылдагы анализи тастыктап турат.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

Бирок Садыр Жапаров Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрүнө эч кандай кугуунтук жана басым жасалбайт деп эсептейт.

Ошол эле учурда, президент 2020-жылы бийликке келгенден бери журналисттерди сындап келет. Мисалы, 2020-жылдын ноябрында «Азаттык» басылмасынын журналисти Жапаровдун тарапташтары басым жасап жатканын билдирген. Президент болсо ага журналисттерди күнөөлөп, фактыларды «бурмалашат» деп жооп берген.

Кыргызстанда журналист болуу кооптуу экенин жакында эле иликтөөчү журналист Болот Темировго жаңы кылмыш иштеринин козголгону да тастыктап турат. Темировго карата козголгон жаңы үч кылмыш ишинин экөөсү февралда ачылган.

Ал эми иш козголгонун Темиров LIVE’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Тай-Мурас тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин билишкен. Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиев негиздөөчү катары көрсөтүлгөн «Мока Групп» компаниясы Жалал-Абад облусуна бензин жеткирүү боюнча тендерлерди утуп ала баштаганы айтылган.

20-апрелде иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен жаңы кылмыш иштери козголгонун билдирген. Буга чейин иликтөөчүгө карата «Баңгизатты мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча иш козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган. Ал эми Темировдун жактоочулары журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Тема боюнча:

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи

Медиа коомчулук Жапаровдун «Азаттыкты» айыптаганы басма сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп эсептейт