Бишкекте кыздын үйүнө бастырып кирип, аны бычактоого шектелген киши кармалды

Милициядан «бейбаштыкка» шектелген 35 жаштагы киши кармалганын кабарлашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү 2022-жылдын январында мас абалында кыздын үйүнө бастырып кирип, аны бычактап, изин жашырып кеткен. Кол салуудан кийин ага издөө жарыяланган.

Милиция кыздын бычактан алган жаракаттары жана анын абалы боюнча маалымат берген жок.

«Бейбаштыкка» кандай жазалар каралган?

Жазык кодексине ылайык, 280-берене: Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен коштолгон бейбаштык 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Бычактан алган жаракаттарды жана кыз алган зыяндын оордугун эске алып милиция «Ден соолукка оор залал келтирүү» (130) же «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» (131) беренеси менен да кылмыш ишин козгосо болмок.

Эгер жаракат оор болгон болсо шектүү беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле.

Ал эми зыян анча чоң эмес болсо 200дөн 500гө чейин эсептик көрсөткүч менен айып пул же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилмек.