Чүйдө кичи автобустун айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү коюп кетип, эки адам каза тапты

Чүй облусунда 1-май күнү кичи автобустун айдоочусу жолду туура эмес жерден өтүп бараткан эки адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматында, кырсыктан улам 57 жаштагы эркек киши жана 68 жаштагы аял каза тапкан.

Ведомстводон айдоочу Жайыл райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, унаасы айып короого токтотулганын кошумчалашты. Тергөө амалдары улантылып жатат.

Басма сөз кызматтан кырсык катталган жер талапка ылайык жарыктандырылбаганын да маалымдады.

«Адамдар жашаган райондордо жарык болушу керек. Биз дайыма эле айтып келебиз. Жергиликтүү бийлик жарыктандырууну колго алышы керек», — деп баса белгилешти алар.