Кара-Сууда каналдагы суу ашып, турак үйлөрдү жана унаа жолду каптады

Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Ачы айылында каналдагы суу ташып, турак үйлөрдүн короосуна кирди. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 1-май күнү саат 20:30 чамасында катталган. Айылдагы Южный каналындагы суу үйлөрдүн короосунан сырткары унаа жолду каптаган. Бирок турак үйлөрдүн өзүнө коркунуч жаралган эмес, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

«Турмуш» басылмасынын жеринде болгон кабарчысы тургундар сууну өздөрү тосууга аракет кылганын, бирок ага карабай ташкын айрым үйлөрдүн ажатканаларына толуп калганын билдирди.

Ал эми жергиликтүүлөрдүн бири басылмага айылда суу ташуу коркунучу бар экенин, бирок жергиликтүү бийлик маселеге көңүл бурбай жатканын айткан. Анын айтымында, каналдын боюндагы корук жерлер жеке тараптарга берилип кеткен. Алар жерди тегиздеп салгандыктан, суу ташып кетүү коркунучу жаралган.

«Эгер ошол корук аймакка дагы бир нече адам келип, үй сала берсе, топурак андан бетер жумшак болуп, каналдагы суу айылга ашуу коркунучу бар. Ушул маселеге биздин жергиликтүү бийлик аябай кайдыгер карап жатат. Мыйзамсыз берилип кеткен тилкелерге үй салынса анда сөзсүз айылды суу жууп кетүү коркуну бар», — деген ал.

Бул маселе боюнча жооптуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө байланышууга мүмкүн болгон жок.