Өткөн аптада коронавирус менен ооругандардын арасында өлүм учуру катталган жок

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 25-апрелден 2-майга чейин коронавирус менен ооругандардын арасында өлүм учуру катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 2 991 адам каза болгон.

Бир жумада COVID-19 жуктуруунун 10 учуру катталды. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 миң 993 адамга жетти.

Ошондой эле, акыркы жумада илдеттен 17 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан жалпы 196 миң 403 адам айыкты.

Ал эми 2-майга карата Бишкек шаарынын беш тургуну үй шартында дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.