Нарын: Суу жеп көчүп кеткен Арал — Миң-Куш жолунда атайын техника иштеп жатат

Нарындын Жумгал районунда жараксыз абалга келген Арал — Миң-Куш унаа жолунда атайын техника жана жумушчулар иштеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досмамбетов билдирди.

Маалыматка ылайык, Миң-Кушка бара турчу унаа жолдун 34-чакырымына көчкү түшүп, сууну бууп калган. Анын кесепетинен суу ташып, унаа жолун жеп кеткен.

«Азыр “Кара-Кече”, “Миң-Куш”, “Россатом” карьерлеринен бирден эксковатор келип жолду оңдоп баштады. Жол тейлөө мекемесинин жүктөгүчү жана жумушчулары иштеп жатат», — деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы.

Аны менен катар, Досамбетов кырсыктан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Буга чейин, 1-майда Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Ачы айылында каналдагы суу ташып, турак үйлөрдүн короосун, унаа жолдорду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үйлөргө коркунуч жаралбаганын жана кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок экенин билдирген.

Тема боюнча:

Кара-Сууда каналдагы суу ашып, турак үйлөрдү жана унаа жолду каптады