Ноокат: Жолду оңдоодо турак үйлөрү бузулган тургундар коркутууга кабылганын айтышты

Сүрөт: Арген Нуров/Azattyk

Ноокат районунда жолду оңдоо учурунда турак жайлары бузулган тургундар Ош облустук милициясынын кызматкери коркутканын айтышууда. Бул тууралуу тургундардын жактоочусу Камил Рузиев «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, тургундар 29-апрелде облустук прокуратурага бузулган үйлөрү боюнча арыз жазуу үчүн келишкен. Алар кызыл сызыктан чыкты деп бузулган курулуштардын мамлекеттик актылары бар экенин айтып, тургундарга компенсация төлөө маселеси боюнча жооп алууну каалашкан.

Ал учурда милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкери Сталбек Сүйүнов алардан кандай максатта жана эмне үчүн арыз жазышаарын сурап, «эч кайда арызданбагыла» деп «коркутуп» кеткен.

Рузиев бул факты боюнча да прокуратурага арыз жазылганын белгиледи.

Ал эми Ош ОИИБден милиционер тургундарды коркутту деген маалыматты четке кагышууда. Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «кызматкер болгону тургундар эмне себептен чогулганына кызыккан» деп ишендирди.

«Эч кандай коркутуу болгон эмес. Тургундар арыз жазганы келгенин айткан соң аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткен. Ал өзүнүн кызматтык милдетинин алкагында иш алып барган», — деди Аширбаев.

Бийлик быйыл Ош — Баткен — Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгүнүн 47 километрин оңдой баштады. Мындан улам жолдун боюна «мыйзамсыз чыгып кеткен» делген 132 курулуш алынды. Анын ичинде жергиликтүүлөрдүн турак жайлары, короолорунун бөлүктөрү, дүкөндөр жана ашканалар бар.

Тургундар курулуштарынын бузулганына байланыштуу өкмөттөн курулушту тикелөөгө жардам берүүнү суранышкан. Алардын айрымдары үйлөрүнүн жана короолорунун кызыл китеби бар экенин белгилешип, «эмне үчүн бийлик кайрадан аны бузуп жатат» деп нааразы болушкан.