ИИМ 9-майда Украина менен Орусиянын согушуна байланыштуу белгилерди колдонбоого чакырды

Ички иштер министрлиги 9-майдагы иш-чараларда жарандарды Украина менен Орусиянын согушуна байланышкан сүрөттөрдү, эн белгилерди жана символикаларды колдонбоого чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМден бул сыяктуу айырмалоочу белгилерди колдонуу улуттар аралык кастыкты козутушу мүмкүн деп белгилешти. Мекемеден милиция базарларда аскер формаларын ижарага берген сатуучуларга дагы түшүндүрүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.

«Кыргызстандын аймагында 80 ашуун улуттун өкүлдөрүнүн жашай тургандыгын эске алуу менен, Ички иштер министрлиги жарандарыбызга улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар-кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштайт. Аталган аракеттер үчүн жоопкерчиликтердин каралгандыгын эскертет», — деп кошумчалашты ИИМден.

Буга чейин УКМК дагы жарандарды 9-майда Бишкекте өтө турган «Өлбөс полктун жөө жүрүшүндө» «Z» белгисин пайдаланбоого чакырган. Атайын кызмат мындай белгиси бар кийимдер «улуттар аралык кастыкты козутууга» алып келиши мүмкүн деп түшүндүргөн.

Латындын арибиндеги «Z» тамгасы Орусиянын аскерлери Украинага чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет. Бул белгини көбүнчө Орусиянын аскердик техникасынан көрүүгө болот.

Орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу кол салуусу уланып жатканына эки ай болуп калды. Андан бери кыргыз бийлиги бул маселеде орто позицияны карманарын айтып келет.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров: «Өлбөс полктун» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин укугу жок