Садыр Жапаров: «Өлбөс полктун» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин укугу жок

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда «Өлбөс полктун» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин укугу жок деп билдирди. Бул тууралуу ал 1-майда Фейсбук барагында жазды. Эмгекчилердин майрамына карата кайрылуусунда Жапаров «тарыхын билбеген элдин келечеги жок» деп айтты.

Жапаров Улуу Ата Мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 республика, анын ичинде Кыргызстан да катышканын жазды. Анын айтымында, «согушка 365 миңден ашуун ата-бабабыз аттанып, анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес».

«Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөсү бар. Алар жылда 9-Май - Жеңиш күнүн майрамдашат. “Өлбөс полк” аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам», — деди президент.

Буга чейин «Өлбөс полк — Кыргызстан» акциясынын координаторлору Фейсбукка акциянын чоо-жайын макулдашуу үчүн мэрия жана шаардык кеңешке бир канча жолу кайрылышканын, бирок эч жооп ала алышпай койгонун жазышкан. Уюштуруучулардын айтымында, аларга маселе мэрдин макулдашуусунда турат деп билдиришкен.

«Биз Бишкек мэриядан чечим күтүп жатабыз [...] Акцияны өткөрүүнүн чоо-жайын макулдашуунун жообун күтүп жатабыз. Эгер жооп башкача болсо, сураныч, себебин ачыктаңыздар», — деп жазышкан алар.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелдеги басма сөз жыйынында 9-май Жеңиш күнүнө карата «Өлбөс полк» жүрүшү өтөрүн билдирген. Анын айтымында, бийлик буга тыюу салган эмес. УКМК жаңжалга алып келүүчү жагдайлар чыгып кетпеши үчүн 9-майда кыргызстандыктарды «Z» символикасы бар аскер формасын кийбөөгө чакырган — бул тамга Орусиянын аскерлери Украинага чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет.

Ал эми коңшу Казакстанда «Өлбөс полк» акциясын онлайн өткөрүүнү чечишкен. Бул тууралуу Нур-Султандын (мурдагы Астана) акимчилиги билдирген, бирок чечимдин себеби айтылган эмес.

«Өлбөс полк» — бул миңдеген кыргызстандык Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап жүрүшкө чыккан жыл сайын өтүүчү иш-чара. Анда акциянын катышуучулары жүрүшкө согушта курман болгон, жарадар болгон, тылда эмгек кылган чоң ата жана чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышат.

Параддардан баш тартуу

Буга чейин Коргоо министрлиги Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад болбой турганын билдиришкен. Бирок парад 2021-жылы өлкөнүн башкы аянтында өткөрүлгөн болчу. Министрликтин маалыматына ылайык, калаанын «Жеңиш» (Өчпөс от) аянтында митинг-реквием гана өтөт. Ага согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору катышат.

Кыргыз бийлиги параддан баш тартканынын себебин ачыктаган эмес, бирок Орусия Украинага кол салган шартта мындай иш-чараны өткөрүү Орусия Федерациясын колдоо катары кабылданып калышы мүмкүн. Кыргыз бийлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта орток позицияда экенин бир нече жолу белгилеген.

Пададды өткөрүүдөн коңшу Казакстандагы баш тарткан, бийлик мындай чечимдин себебин ачыктаган эмес.

Бирок Коргоо министрлигинен Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болорун билдирген — сөз каргашалуу окуялардын ардагерлеринин урматына өтүүчү иш-чаралар тууралуу болуп жатат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Американын National Interes басылмасынын 4-апрелде жарык көргөн макаласында Казакстан башка өлкөлөр сыяктуу эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт деп айткан. Токаев макалада Орусиянын Украинага кол салганын «согуш» деп атаган.

Орусия Жеңиш Күнүнө карата параддан баш тарткан эмес, бирок ага адаттагыдай башка өлкөлөрдүн лидерлери чакырылган жок. Чакыруулар берилбегенинин расмий себеби — «мааракелик дата эмес».

Ал эми Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес LBC радиосуна берген интервьюсунда 9-майда Путин Украинадагы «неонацисттерди талкалоо» үчүн жалпы мобилизация жарыялашы мүмкүн деп болжогон. Ал орус бийлиги НАТОго кирген өлкөлөрдү неонацизмдин колдоочулары деп дагы жарыялашы ыктымал деп кошумчалаган. Орусия бийлиги Украинага кол салуусун согуш эмес, «атайын операция» деп атап келет. Орусия Украинадагы аракеттерин «украин калкын нацисттерден бошотуу» деп түшүндүрүүдө.

Экинчи Дүйнөлүкпү же Улуу Ата Мекендик согушпу?

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда немис армиясы Советтер Союзунун чек араларына кол салгандан кийин башталган. Төрт жылга созулган согушта Советтер тарабынан бери эле дегенде 27 млн адам набыт болгон.

Согуш 8-май күнү кечинде (Борбордук Европа убактысы боюнча) Германиянын капитуляциясы менен аяктаган, бирок формалдуу түрдө Советтер Союзу бул өлкө менен 1955-жылдан тарта согуш абалында турган.

Мааниси боюнча, Улуу Ата Мекендик согуш — бул 1939-жылы башталып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү.

Согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасынан кайткан эмес. Согуш учурунда 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган, алардын ичинде 72си Советтер Союзунун Баатыры.

Ураинадагы согуш

Орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу кол салуусу уланып жатканынан эки ай болуп калды.

Буга жооп кылып АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизишкен, ал эми чет өлкөллүк компаниялар өлкөдөгү ишканаларын жабышууда.

Украинадагы согуш Луганск, Донецк, Херсонск, Днепропетровск облустарында жана Харьков шаарында дагы деле уланып жатат. Ошондой эле орус аскерлери 2-май күнү эртең менен украин аскерлеринин Чернигов облусунун Сеньков районунда жайгашкан позицияларын миномёттон аткылашкан. Ал эми 1-майда украин бийлиги Мариуполдогу «Азовсталь» заводунан жүзгө жакын адамды эвакуациялады. Алар орус аскерлери кол салган күндөн бери заводдун аймагынан чыга албай калган болчу.

БУУнун малыматына ылайык, Украинада согуш токтобой жаткандыктан 5,5 млн адам өлкөдөн чыгып, жакынкы Европа өлкөлөрүнө качууга аргасыз болгон.

Жай тургундардын көпчүлүк бөлүгү Польша, Венгрия жана Румынияга кеткен.

БУУнун 28-апрелге карата маалыматына ылайык, Украинадагы согушта 2 889 жай тургун, алардын ичинен 210 бала каза тапкан. 3 235 киши жарадар болгон, алардын 309у балдар.