ТИМ: Будапешт — Бишкек – Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачылат

Кыргызстанда Будапешт – Бишкек — Будапешт багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанга 3-майда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келген. Ал президент Садыр Жапаров, тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушкан.

Сийярто эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйынына катышты.

Мекемеден жолугушууда Кулубаев Сийяртого кыргызстандыктарды Украинадан эвакуациялоо үчүн тез арада гуманитардык коридор ачып бергени үчүн ыраазычылык айтканын белгилешти.

Кыргыз тарап Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин билим алууга квотасы жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүлүп жаткандыгы үчүн дагы ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле тараптар жакын арада Венгриянын WizzAir авиакомпаниясы менен Будапешт — Бишкек — Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачууну макулдашышты. Министрликтен Венгрия менен түз аба каттамдарын ачуу инвестициялык жана туристтик потенциалды мындан ары өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү деп белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы тууралуу эки документке кол коюлду.