Баткендеги чөп баскан асфальт: УКМК жагдайды көзөмөлгө алып, текшере баштады

УКМК Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында жалданма компания тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган», — деп жазылат билдирүүдө.

Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берип турууну убадалады.

Быйыл президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова 21-март, Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген.

Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чараларга Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен 8,3 миллион сом сарпталганы белгилүү болгон — каражаттын 6,8 млн сому шоу-программаларга жумшалып, 1,5 млн сомго борбордук стадиону оңдолуп-түздөлүп, жасалгаланган.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр жарыяланып, коомчулук кызуу талкуу кылган.

Тема боюнча:

Баткен: Президенттин катышуусундагы Нооруз майрамына 8,3 млн сом сарпталды – Factcheck.kg