«Баткен өнүксө — өлкө өнүгөт!» Президент жубайы менен Нооруз майрамын Баткенде тосуп жатышат

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова 21-мартта Баткен шаарында Нооруз майрамына арналган концерттик иш-чарага катышты. Өлкө башчысы элдин алдына чыгып сөз сүйлөп, тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Жапаров «өлкө Айгүл гүлү гүлдөгөн, кереметтүү Баткен жергесинен башталарын» айтып, майрамды Баткенден тосууну чечкенин белгиледи. Ал Баткен облусун көз карандысыз Кыргызстанга «нечендеген чыгаан уулдарын берген куттуу жер» деп сыпаттады.

«Кыргыз тарыхында маанилүү орунду ээлеген, Кокон хандыгын бийлеген даңазалуу аскер башчы, мамлекеттик ишмер Алымкул аталык, элдин башын бириктирип, туу болуп, өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык үчүн согушкан Болот хан — Исхак Асан уулу да ушул куттуу Баткенден. Андан берки мамлекет түптөөчүлөрдүн сап башында турган Абдыкадыр Орозбековду, ошол эле мамлекет түптөөчүлөрдүн кийинки муунунун алдыңкы өкүлү Мурат Салиховду кимдер билбейт. Ал эми өз маалынын өтө билимдүү жазгыч акыны Молдо Нияз, бүгүнкү күндө кыргыз искусствосуна эбегейсиз салым кошкон Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков, кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеген кайталангыс сүрөткер Мурза Гапаров жана башка көптөгөн таланттуу инсандардын киндик кан тамган жери — Баткен», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент Исфана шаарына Кыргыз ССРинин компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун аты ыйгарылганын эске салды. Жапаров бул «жарандарды руханий-адептик тарбиялоону жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин бекемдөөгө чоң түрткү болооруна» ишенээрин билдирди.

Мындан сырткары, өлкө башчы Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгарылып, анын алкагында «конкреттүү программа иштелип чыгып, анда белгиленген тапшырмалар өз ырааты менен аткарылууда» деди.

«Ошентип бүгүнкү күндө бийлик башындагылардын көңүлү толугу менен Баткен жергесине бурулду. Баткен гүлдөсө — жалпы өлкө гүлдөйт, Баткен өнүксө — жалпы өлкө өнүгөт! Мына ушул максатта, урматтуу баткендик туугандар, Нооруз майрамынын шаңдуу маанайын, анда айтылган каалоо-тилектерди сиздер менен бөлүшкөнү келип отурам», — деди ал.

Баткен шаарындагы борбордук стадионунда Ноорузга арналган иш-чаранын алкагында бир тонна сүмөлөк даярдалды. Президент Жапаров жубайы менен 20-март күнү сүмөлөк даярдоого да катышып, казанды аралаштырганча каалоо тилектерин айтышты.

«О жаратканым, элибизге кут, береке, ынтымак бере көр. Быйылкы түшүмүбүз жакшы болсун, ырыскысы мол болсун, ынтымагыбыз бекем болсун. Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн. Эң негизгиси, тынчылык болсун!» — деген Жапаров.

Ал эми иш-чарадагы аксакалдар Жапаровго бата беришип, президент айткан тилектердин аткарылышына тилектеш болушту.