Бир кадр менен: Садыр Жапаров — мыкты чабуулчу

Бишкекте 5-майда футзал боюнча «Мурас» достук турнири аяктады. Ага мамлекеттик кызматкерлерден, депутат, министр, маданият ишмерлери жана чет элдик дипломаттардан турган 12 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мыкты чабуулчу аталды. Жапаров турнирде атаандаштарынын дарбазасына жалпы 12 топ киргизди.

Садыр Жапаров мыкты чабуулчунун сыйлыгы менен. Видеодон скриншот.

Турнирде биринчи орунду «Президенттин администрациясы» командасы камчыздады, экинчи орунга Жогорку Кеңештин депутаттары, ал эми үчүнчү орунга атамекендик футболдун ардагерлеринин «Алга» командасы чыкты.