Бишкек: 25 жаштагы кызды өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган киши ооруканага жеткирилди

Бишкекте 25 жаштагы кызды өлтүрүп, андан соң өзүнө бычак сайган киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан 5-майда маалымдашты.

Басма сөз катчы Назгүл Иманбаеванын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча шектүү кызганычтан улам кыздын мойнуна бычак шилтеген. Андан соң өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Кыз ооруканага бара жаткан жолдо жан берген.

Милициядан тез жардам кызматы шектүүнү кома абалында ооруканага жеткиргенин белгилеп, азыр конвойдун кайтаруусунда экенин кошумчалашты.

Факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош шаарында 22 жаштагы кызды бычактап, үйүнүн короосуна көмүп салган адам кармалган.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы укук коргоо органдарына кайрылып, 4-курста окуган кызы 30-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Шектүү милицияга берген көрсөтмөсүндө «кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн», 30-январда экөө жолукканын айткан. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон. Мындан улам ал сүйлөшкөн кызын ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып өлтүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз