«Бычактап, короого көмүп салган». Ошто 22 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Ош шаарында 22 жаштагы кызды бычактап, үйүнүн короосуна көмүп салган адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин кыздын апасы укук коргоо органдарына кайрылып, 4-курста окуган кызы 30-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Милиция кызматкерлери ыкчам-тергөө иш аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектеп Ноокат районунун 24 жаштагы тургунун кармады.

Шектүү милицияга берген көрсөтмөсүндө «кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн», 30-январь саат 10:00 чамасында экөө жолукканын айткан. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон.

«Экөөбүз сүйлөшүп отуруп урушуп кеттик. Менин ачуум келип, үйдөгү ашкана бычагы менен сайып салдым. Өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кийимдерин, сумкасын сырттагы ажатканага ыргыттым. Ошол күнү окууга бардым да, 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим», — деп айтып берген ал.

Ош ШИИБден 8-февралда Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы шектүүнүн жашаган үйү кароого алынып, 35-40 см тереңдикте казылган чуңкурдан кыздын сөөгү табылганын билдиришти.

«Сөөк ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдардын таштандылары менен жашырылган. Шектүү өлүктү көмгөн жерди адвокатынын катышуусунда көрсөтүп берди. Денени алгачкы кароо учурунда денесинен 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экени аныкталды», — деп берилет милициянын маалыматында.

Ош ШИИБи аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизаларды дайындады. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.