«Мурас» турнири: Президенттин администрациясы финалга чыкты, Жапаров төрт гол киргизди

Садыр Жапаров баштаган «Президенттин администрациясы» командасы футзал боюнча «Мурас» турниринин финалына чыкты.

Жарым финалда президенттин командасы атамекендик футбол ардагерлери баштаган «Алга» командасын 4:0 эсебинде жеңди. Мелдеште төрт голду тең президент Садыр Жапаров киргизди. Ал турнирде жалпы 9 гол киргизди.

Мелдештин финалында «Президенттин администрациясы» Жогорку Кеңештин депутаттары менен ойнойт.