Орусия кыргызстандыктарга кургактагы чек арасын ачат

Орусия 2022-жылдын 16-майынан тарта кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө, ошондой эле орус жарандарынын Кыргызстанга чыгуусуна киргизилген чектөөлөрдү алат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Фейсбук барагында кабарланды.

«Кыргызстандыктар Орусияга кургактыктагы жолдор аркылуу кирсе болот, ошондой эле орус жарандары Кыргызстанга Казакстан аркылуу өтө алышат. Орусияга кургактыктагы жолдор аркылуу кирүүнү каалагандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтпөй койсо болот», — деп билдиришти ведомстводон.

Бул чечимди Орусиянын өкмөтү эпидемиологиялык абал турукташкандыктан кабыл алды. Аталган маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн 23чү Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында дагы талкууланган.

Буга чейин кандай чектөөлөр болгон?

2021-жылдын июлунда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежеси киргенин маалымдаган.

Документке ылайык, 10-июлдан тартып Кыргызстандын жана башка ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө кирип жатканда «COVID-19суз саякатта» колдонмосу аркылуу Орусияга киргенге чейин 72 саат мурда алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүлөрү керек болчу.

«Чет өлкөдөн келип жаткан Орусиянын жарандары келген күндөн тартып үч күн аралыгында бир жолку ПЧР-тест тапшырып, жыйынтыгын алганга чейин жашаган жери боюнча обочодо болушу керек», — деп жазышкан элчиликтен.

Ошондой эле орусиялыктар колунда эмделгени тууралуу (бир жылга жарактуу) сертифкаты же жарым жылга жарактуу COVID-19 менен ооруп айыккандыгы тууралуу аныктамасы болсо ПЧР-тест тапшырбай эле койсо болот.

Ошол эле кезде, 2021-жылдын апрелинде Орусиянын элчилиги кыргызстандыктар өлкө аймагына киргенде «COVID-19суз саякатта» мобилдик колдонмосу аркылуу ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керектигин кабарлаган болчу.

Мындан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин 1-июлда эмгек мигранттарын коронавирусту аныктоо үчүн 72 саат сайын ПЧР-тест, андан тышкары, үч ай сайын башка жугуштуу илдеттерди аныктоого тест тапшырып турууга милдеттендирген федералдык мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын өзү 2021-жылдын декабрында күчүнө кирген.