Садыр Жапаров Дача-СУ боюнча коомдук комиссия түзүлөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров Дача-СУдагы учак кырсыгына байланыштуу ишти иликтей турган коомдук комиссия түзүүнү чечти. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук барагына жазды.

Президенттин айтымында, аталган иш боюнча тергөө «абдан начар жана жай жылып жатат», ал эми тергөөчүлөр «көп нерселерди жашырып жатышы мүмкүн».

«Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз», — деп үндөдү Жапаров.

Жапаров билдирүүсүндө Президенттик администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовдун дагы байланыш номерлерин калтырды — 0312 62 50 26.

Дача-СУдагы каргаша

«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон. Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү бузган.

Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.

Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган ACT Airlines түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыктаган эмес.

2017-жылдын апрелинде Дача-СУ кыштагынын тургундары митингге чыгып, аларды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылышкан. Бийлик анда көчүрүү маселеси «өкмөттүк деңгээлде челилерин жана ушундай сыяктуу эле башка турак жай аймактары менен кошо артыкчылыктуу тартипте караларын» билдиришкен.

Бирок көчүрүү маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Ал арада Дача-СУда учак кыйроосунан эки жыл өткөн соң жерлер сатылып, үйлөр курула баштаган, бул болсо мыйзамсыз.

Кийин Эл аралык авиациялык комитеттин авиакырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Бишкектин кыштагына кулаган «Боинг-747» учагы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Иликтөөгө чейин айтылып келген аба ырайы (учак кулаган күнү катуу туман болуп турган), учак техникалык жактан оң эмес болчу деген алдын ала версиялар туура эмес болуп чыккан.

Эксперттердин айтымында, кыргыз диспетчерлери борт конууну суранганда баарын талапдагыдай аткарышкан. Учактын кырсыгына экипаждын кабыл алган чечими себеп болгон.

Отчётто белгиленгендей,учактын кырсыкка учурашына төмөнкү факторлор себеп болгон: «экипаж “Манас” аэродромуна учар алдында схемаларды көрүп алдын ала жетишерлик даярданган эмес» жана «экипаж кеменин учуу бийиктигин азайтуу параметрлерин тандоодо ылайыктуу болбогон чечимди кабыл алган».

Тема боюнча окуңуз: «Учак кыйрагандан кийин аман калдык». Дача-СУдагы үй-бүлө каргашалуу окуяга кантип күбө болгон?

«Боинг-747нин» кыйрашы: кырсыктан кийинки алгачкы 12 саат

Жашоо жана өлүм: Дача-СУ авиакырсыкка чейин жана андан кийин

Дача-СУ: «Боинг-747» кыйраган жерге набыт болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду