Экинчи дүйнөлүк согушта мерт кеткен ар бир адам бир мүнөттөн эскерилсе, дүйнө 135 жыл жым турмак

9-майда бүткүл дүйнөдө Жеңиш күнү белгиленип жатат. Дал ушул күнү, 1945-жылы фашисттик Германия СССРге жана анын союздаштарына багынып берген.

Ошентип Германия СССРге кол салып, 1941-жылдын 22-июлунда башталган Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган.

«Рейхстагда Жеңиш туусу». Сүрөт: Евгений Халдей.

1939-жылы немис аскерлери Польшага кол салганда башталган Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында Жапония — Германиянын акыркы союздашы багынганда аяктаган.

Бул XX кылымдагы кан эң көп төгүлгөн согушка чекит койгон.

Ар башка эсептөөлөр боюнча, экинчи дүйнөлүк согушта аскерлерди жана жөнөкөй жарандарды кошкондо жалпы 50-80 млнго жакын адам курман болгон. Эң көп жоготууга Советтер Союзу дуушар болгон — 26,6 млн киши. Согушка Кыргызстандан 365 миң киши барган, алардын үчтөн бир бөлүгү кайтып келген эмес.

«Эгер Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун ар бири үчүн бир мүнөт жымжырттык жарыяланса, дүйнө 135 жыл үнсүз турмак», — деп белгилешти БУУдан.

Британиялык тарыхчы Энтони Бивор «Экинчи дүйнөлүк согуш» китебинде бул окуяларды «адамзат тарыхындагы кол менен жасалган эң ири бүлгүн» деп атаган.