Мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанды мекеним деп атады

Мушкер Дмитрий Бивол атаандашы мексикалык Саул Альварес менен боло турчу беттештин алдындагы маалымат жыйынында Кыргызстанды өзүнүн мекени деп атады.

The Guardian жазгандай, Бивол алдыдагы Альварес менен беттешке байланышкан суроолорго «токтоолук» менен жооп берди.

Бирок, ЖМКда Кыргызстанда туулган спортчу Украинадагы согушка карата оюн сурашканда ыңгайсыз абалда калган — анткени ал Орусиянын жараны. Журналисттер мындай суроону Орусия Украинага кол салып, согуш баштаганынан улам беришкен.

«Бивол Украинадагы согушка капа болгонун белгилеп, бирок Владимир Путиндин дарегине сын айтуудан карманып, спорт менен саясат бет келбейт деп ишендирүүгө аракет кылды. Путин Биволдун жеңишин Орусиянын триумфу деп жарыялоого аракет кылары шексиз. Бирок спортчу төрөлгөн жана өмүрүнүн алгачкы 11 жылын өткөргөн Кыргызстанды мекеним деп атам, чекти көрсөттү», — деп билдиришти басылмадан.

8-майда Лас-Вегаста Кыргызстанда туулган спортчу Дмитрий Бивол дүйнөдөгү эң күчтүү мушкерлердин бири мексикалык Саул «Канело» Альварести утуп, WBA чемпиондук курун сактап калды.

Альварес үчүн бул утулуш анын бүткүл карьерасындагы экинчи жеңилүү болуп калды. Бирок спортчу жеңилүүнү моюндабай, калыстар баа берүүчү карточкалардан адашты деп айтууда. Альварес биринчи жолу 2013-жылы кенже Флойд Мейвезерге утулган. Альварестин эсебинде жалпы 57 жеңиш бар.

Бивол мексикалык спортчу менен беттешке кыргыз желегинин астында чыккан. Орусиянын «Известия» басылмасы Биволго Орусия Федерациясынын гимни жана желеги менен чыгууга уруксат бербей коюшканын жазды. Басылманын маалыматына ылайык, спортчу жана анын командасы кысымга кабылгандыктан беттешке чыгуудан баш тартууну ойлонууга мажбур болушкан. Бирок жыйынтыгында мындай чечим кабыл алынбаганын басылма тактаган.

Жеңиштен кийин президент Садыр Жапаров Биволду куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалады.

«Биз Дмитрийдин бул жеңишине чексиз сыймыктанабыз, анткени спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!» — деп жазды Жапаров.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу бокс менен 6 жашынан тарта алектене баштаган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен. Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон. Ал бокс боюнча WBA, WBC, IBF жана WBO рейтингдеринде эң жогорку орундарга көрсөтүлгөн. Спортчу профессиналдык боксто 20 жеңишти камсыздаган (анын 11и нокаут менен болгон). Ал бир да күрөштө жеңилген эмес.