Жеңиш күнү менен Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды 7 мамлекеттин президенти куттуктады

9-майда жети мамлекеттин башчысы президент Садыр Жапаровду, ардагерлерди жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо телеграммасында өлкө башчылары согушта курман болгон ардагерлер менен тылда эмгектенген ата-апалардын эмгектери сыймыктануу менен эскерилерин билдиришкен.

Орусиянын президенти Владимир Путин: Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: Бир туугандыктын жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон: Согуштун каардуу жылдарында биздин өлкөлөрдүн элдери бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги тууралуу жаркын элеси жүрөктөрүндө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем.

Беларустун башчысы Александр Лукашенко: Биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана биз глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: Согуштун узак жылдарындагы оор сыноолордо көрсөтүлгөн биздин элдерибиздин достугунун жана өз ара колдоонун жакшы салттары мындан ары да Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем.

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд: Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу Улуу Мартабалууга чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине ден соолук, бакыт-таалай жана мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап жатканыбызды чоң кубаныч менен билдиребиз.

Бүгүн Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бардык аймактарда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата эскерүү митингдери, майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.

Борбор калаа Бишкекте Жеңиш аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен митинг-реквием уюштурулду. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарында миңдеген адамдардын катышуусунда «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү. Унудай эле иш-чара өлкөнүн башка аймактарында дагы өттү.

1941-1945-жылдары аралыгында Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы кайтпай калган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда апрелине карата согуштун элүү чакты 49 ардагери калганын билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган.

Тема боюнча:

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Сүрөт баян: Бишкекте Жеңиштин 77 жылдыгына арналган жөө жүрүш өттү