Жеңиштин 77 жылдыгы. Борбор Азияда ардагерлерге жөлөкпул катары канча акча төлөнөт?

Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү 9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылына бир жолу берилчү акчалай төлөмдүн көлөмүн аныктап алышты.

Кыргызстанда согуштун ардагерлери Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына карата 100 миң сомдон алышат (1218 доллар). Төлөм согуштан майып болуп келгендерге, согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары, ошондой эле Ленинград курчоосунда калгандарга берилет.

Аны менен бирге, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 100 миң сомдон тышкары, жыл сайын бир жолу берилүүчү 20 миң сом (243 доллар) өлчөмүндөгү жөлөкпулду дагы алышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 1-февралга карата Улуу Ата-Мекендик согуштун 107 ардагери бар.

Өзбекстанда согуштун ардагерлери, концлагерлердин жана Ленинград блокадасынын туткундары 15 млн сумдан (1336 доллар) алышат. 24-апрелге карата маалыматка ылайык, Өзбекстандагы согуштун 236 катышуучусу бар. Ошондой эле, бийлик тылда иштеген 10 миң кызматкерге белек тапшырат.

Казакстанда акчалай төлөмдүн өлчөмү ардагерлер жашаган жерге жараша болот. Мисалы, Нур-Султан жана Алматы шаарларында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 1 млн теңгеден (2329 доллар) алышса, Актөбөдө жашагандар — 2 млн теңге (4659 доллар) алышат. 2022-жылдын 1-апрелине карата маалыматтар боюнча, Казакстанда учурда 387 согуштун ардагери жана ошол учурда майыптык алгандар бар.

Тажикстанда болсо Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына Жеңиш күнүнүн урматына 15 миң сомони (1198 доллар) берилет. Дүйшөмбү шаарында жашаган ардагерлерге дагы кошумча 3 миң сомони (239 доллар) берилет. Тажикстанда 57 согуш ардагери бар.

Түркмөнстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине берилүүчү төлөмдүн көлөмү айтыла элек. 2021-жылы аларга 200 манат (57 доллар) берилген. Ошондой эле өлкө президенти ардагерлерге баалуу белектерди тапшырган. Бирок «Радио Азатлык» бийлик белек үчүн ардагерлердин өздөрүн акча чогултууга мажбурлаганын жазган.

Орусияда согуш ардагерлерине 10 миң рублден (150 доллар) төлөнгөн. Өлкөнүн айрым аймактарында бул суммага дагы кошумча төлөм кошулат. Мисалы, Москвада жана Москва облусунда ардагерлерге 25 миң рублден берилген.

ЖМКлар төлөмдүн мындай аз көлөмдө болушу өлкөдөгү ардагерлердин санына жараша болушу мүмкүн деп жазышкан. Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштун жалпы 20 миң катышуучусу жашайт.

Андан тышкары, ошондой эле 10 миң рубль төлөмдү Донецк жана Луганск элдик республикасы деп аталган жана «Украинадан бошотулган аймактарда» жашаган согуш ардагерлери да алышат.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол салып, аны өлкөнү «денацификация жана демилитаризациялоо» үчүн атайын операция деп аташкан. Көпчүлүк өлкөлөр Орусиянын аракетин сынга алышкан, ага каршы санкцияларды салып, согуштук аракеттерди токтотууну талап кылышкан.

Дагы окуңуз: Эмилбек Абдыкадыров: «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө эч ким тыюу салган эмес