«Президент биздин атабыз». Ош облусунун бийлиги баннердеги жазуунун чоо-жайын түшүндүрдү

9-май күнү соцтүйүндөрдө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун катышуусундагы видео тараган. Аталган видеодо президент Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлүп, жанында «Президент — биздин атабыз» деп жазылган баннер тартылган.

Соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары баннерге айраң-таң калып, мыскылга алышкан.

Жергиликтүү бийликтин түшүндүрмөсү

Соцтүйүндөрдө түрдүү пикирлер жаралгандан кийин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлөгүнөн баннер Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл өкмөтүндө 11-майга пландалган кайрымдуулук иш-чарасына карата орнотулганын билдиришти. Облустун өкүлү Эрмек Муратбек уулуунун айтымында, бул иш-чарада жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 300 балага президенттин атынан велосипед жана башка белектер берилмек.

Ошондой эле өкүлчүлүктөн тасма Жамалдинов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алыш үчүн 9-майда Араванга барганда тартылганын айтышты.

«Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Зиядин Жамалдиновдун бул иш-чарадан кабары болгон эмес. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы “ушундай кайрымдуулук иш-чара уюштуруп жатабыз, даярдык болуп жатат, көрүп бериңиз” деп кайрылган. Кире беришке аталган баннер илинген экен. Аны эч ким деле байкаган эмес. Жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына белек даярдалыптыр. Ошолорду карап жатканда ким тартып алганы белгисиз. Видеону бирөө тартып, жазуу бар жерин скриншот кылып социалдык тармактарга чыгарып жибериптир. Ракурсту алганына караганда атайлап жасалгандай», — деп билдирди ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Turmush басылмасына.

Ал эми Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Мамыржан Кадыров баннердеги жазууну саясатташтырып жатышканын билдирди.

«Жетим, жарым жетим балдар президент Садыр Жапаровдун атына кат жазган. Алар өздөрүнүн тилектерин, президенттен кандай белек алууну каалай турганын жазышкан. “Президент ата, бизге куурчак алып бериңиз”, “Садыр ата, мага велосипед алып бериңиз” деген сыяктуу каттар бар. Көпчүлүгү велосипеддүү болгусу келген», — деди ал.Айыл өкмөттүн башчысы иш-чарада аталган баннерден тышкары «Кайдыгер болбо, кайрымдуу бол» деп жазылган башка да баннер илингенин кошумчалады.

Кадыровдун айтымында, балдардын президентке жазган каттары иш-чарада окулат.

«[Баннерлер] алынган жок. Муну айрымдар түшүнбөй эле саясаттыштырып жатат. Биз балдардын тилегин орундатып жатабыз», — деп билдирди ал.