Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары алмашты

Облус башчысынын буга чейинки орун басары Айгүл Мурзаева жана аталган кызматка жаңы дайындалган Тимур Мадяров.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары алмашты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 27-апрелде чыккан буйругунун негизинде аталган кызматка Тимур Мадяров дайындалды.

Аталган кызматта Айнагүл Мурзаева иштеп келген. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат кызматынан Мурзаева өз арызынын негизинде жумуштан бошотулганын билдирди.

Мурзаева 2021-жылдын октябрында дайындалган болчу. Ал облустун социалдык тармагын жетектеп келген.

Тимур Мадяров тууралуу эмне белгилүү?

44 жаштагы Тимур Мадяров Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылында туулган.

Эмгек жолун 2000-жылы салык полициясында баштап, 2008-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген. 2008-жылдан 2010-жылга чейин президенттин администрациянын эксперти болгон.

Кийин 2010-жылдан 2015-жылга чейин Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында аппарат жетекчи жана эл аралык кызматташтык кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик жана ыкчам башкармалыгынын начальниги кызматында 2018-жылга чейин иштеген.

Андан соң 2020-жылга чейин «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда аудитор жана комплаенс кызматкери болгон.

2021-жылга чейин өкмөттүк аппаратын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти болуп эмгектенген.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин президенттин администрацияга караштуу региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын инспектору болгон.

Тема боюнча: «Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү