Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президент дагы бир жарлыгы менен берген арызына ылайык Сыртбай Мусаевди кызматынан бошотту.

Каныбек Осмоналиев деген ким?

Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрындагы окуяларда колониядан бошотулуп, бийликке келгенге чейин саясатчыны колдоп митингдерге чыгып жүргөн. Ал тургай 2020-жылдын мартында Осмоналиев Жапаровду колдоо митингинде модераторлук кылганы үчүн кармалган болчу.

Андагы митингде Жапаровдун тарапташтары абактагы саясатчыны бошотууну талап кылып, бийликке үч күн убакыт беришкен.

2020-жылдын мартында Осмоналиевди жана митингдин уюштуруучуларын кармаган. Аларга карата «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын июнь айында Осмоналиевдин туугандары аны үй камагына коё берүүнү суранышып, саясатчы ооруп жатканын жана дарыгерлердин кароосуна муктаж экенин билдиришкен. Ошондой эле, экс-депутат тергөө абагында коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп кооптонушкан. 27-июнда сот Осмоналиевди 27-июлга чейин үй камагына коё берген.

*Бул баш коргоо чарасы узартылганы же узартылбаганы жана Осмоналиевге козголгон бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш токтогон-токтобогону же ага карата айыптоо өкүмү чыккан-чыкпаганы тууралуу маалымат жок.

Октябрь окуяларынан кийин Осмоналиев Жусуп Баласагын атындагы КУУга ректор болуп барат деген кептер тараган. Анда ЖОЖдун окутуучулары жаңы ректордун дайындалышына каршы чыгып, саясатчыларды университеттин иштерине аралаштырбоого чакырышкан.

2020-жылдын ноябрынын ортосунда Осмоналиев Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин курамына кирген.

15-февралда мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Каныбек Осмоналиевди кеңешчиси кылып дайындаган.

2007-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Каныбек Осмоналиев билим берүү министри болуп, бул кызматта 2012-жылга чейин иштеген. Ал эми 2010-жылдан 2015-жылга чейин «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Башкы прокуратура 2014-жылы Осмоналиевге каршы «студенттерди ЖОЖго мыйзамсыз кабыл алуу» жана «опузалап пара алуу» айыптары боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, экс-депутат КОСУга 27 абитуриентти кабыл алуу үчүн ата-энелерден 14 миң доллар алган. Осмоналиев ал кезде парламенттин билим берүү жана илим боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутатты «тагылган айыптар боюнча далилдер табылбагандыктан» актаган. Кийинчерек УКМК актоо өкүмүнүн үстүнөн даттанган, бирок 2019-жылдын башында бул иш боюнча Осмоналиевди Жогорку сот дагы актаган.