Жогорку сот экс-депутат Осмоналиевди актады — ал абитуриенттерден пара алуу боюнча айыпталган

Каныбек Осмоналиев

Кыргызстандын Жогорку соту экс-депутат жана мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиевди актады. 2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны Кыргыз-орус Славян университетиндеги (КОСУ) медицина факультетинин абитуриенттеринен пара алган деп айыптаган.

Осмоналиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев «24.kg» басылмасына билдиргендей, сот анын кардарын кылмыш курамынын жоктугу үчүн актаган.

2018-жылы март айында УКМК Осмоналиевди КОСУнун абитуриенттеринен пара алуу боюнча айыптаган.

2018-жылдын октябрында Биринчи май райондук соту далилдердин жоктугунан улам Осмоналиевди актаган. Прокурорлор аны 15 жылга эркинен ажыратууну сунашкан эле. Анда райондук соттун чечими даттанылган болчу.

Опузалап акча алуу боюна айыптоо

Башкы прокуратура 2014-жылы Осмоналиевге каршы «студенттерди ЖОЖго мыйзамсыз кабыл алуу» жана «опузалап пара алуу» айыптары боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, экс-депутат КОСУга 27 абитуриентти кабыл алуу үчүн алардын ата-энелеринен 14 миң доллар алган.

Каныбек Осмоналиев 2010-жылдан 2015-жылга чейин парламенттин депутаты болуп иштеген. Ал 2007-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде билим берүү министри болгон.