Муфтият депутаттарды саясий упай топтоо үчүн Куранды бурмалабоого чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатчыларга «Куран менен ойнобогула!» деген эскертүү берди. Муфтияттын атайын билдирүүсүндө «күнүмдүк жыргалчылык жана саясий упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла» деп айтылат.

Муфтияттын басма сөз кызматынан саясатчылардын «“Курандан” адал, арам деп өкүм чыгарууга илими жетпесин жана укугу жок» экенин белгилешти.

«Ар бир адам акылына жараша иш кылуусу керек. Кудай Тааланын мыйзамына каршы чыкпагыла! Аллах айткан нерсени пенде өзгөртө албайт. Ыйык Куранда кайсыл нерсе арам, адал экени 14 кылым мурда эле айтылып, кыяматка чейин сактала берет. Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура» деп эсептейт.

«Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон “Куранды” бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! [...] Куранды билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөсү туура эмес» — дешет алар.

«Курандан» аят окуган депутат

Арсланбек Малиев.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан. Анда депутат Арсланбек Малиев колуна «Аль-Бакараны» алып (Курандын экинчи сүрөөсү), 219-аятты окуп берген.

«“Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө — чоң күнөө (бар). (Бирок), адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар” деп турбайбы мына. Ошон үчүн мен ойлойм, бул маселени [мыйзам долбоорун] негизи колдош керек, керек болсо, казинону эле эмес, марихуананы да легалдаштырууга убакыт келди», — деген ал.

Бирок эл өкүлү «Куран» аятын аягына чейин окуган эмес.

Кыргыз тилине которулган аяттын толук версиясында төмөндөгүчө жазылган: «219-аят. Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак. (Эй, Мухаммед! ) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Ашыкчасын!» – деп айткын. Алла силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр».

Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

Тема боюнча:

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Жапаров: Казинону Кыргызстандын бардык аймагына ачабыз