Улан Сарбанов: Кумарканалар өлкөнүн бардык аймактарында ачылат

Кумарканаларды, оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөнүн бардык аймактарында кумарканалар ачылат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Улан Сарбанов Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берүү учурунда айтты.

Жыйында №1 Лейлек бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутат Чыңгыз Ажибаев Улан Сарбановго кайрылып, казиного байланышкан бир нече суроо узатты.

Сарбановдун айтымында, кыргыз жарандарына кумарканаларга киргенге дагы, ойногонго дагы болбойт. А бирок кыргыз жарандары жумушчу катары иштей алат.

Мындан сырткары, Улан Сарбанов мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөнүн бардык аймактарындагы мейманкана жана ресторандарда казино ачууга уруксат берилерин кошумчалады.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев өкмөт мүчөлөрүнө бул мыйзам менен бюджетти толтурабыз деп элди «алдабоого» чакырды.

Ошентип жыйындын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырды.

Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш берди.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

Дагы окуңуз:

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Жапаров: Казинону Кыргызстандын бардык аймагына ачабыз

Акылбек Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгесин колдоду