«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелде Ысык-Көлдүн «Тамчы» аэропортунда кумар оюндарын ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

91 депутаттын ичинен 68 депутат колдоп, 23 депутат каршы добуш берди. Калган депутатттар жыйынга катышкан жок.

Добуш берүү жыйынтыктагандан кийин депутаттар Айбек Осмонов, Төрөбай Зулпукаров, Аккулу Бердиев кайра мыйзам долбоорун добушка коюуну суранышты. Буга айрым депутаттардын кайсы мыйзамга добуш берилип жатканын билбей адашып алышканы менен түшүндүрүштү.

Зулпукаров өз сөзүндө регламент мындай учурда кайрадан добуш берүүгө жол берерин белгиледи. Ошондой эле Орозо айында кумаркана ачуу «туура эмес болуп калаары» жана андан түшкөн акча «арам» болоору да айтылды.

«Азыркы учурда көз боёмочулук КРнын ЖКнин жыйынында да болуп турат экен. Дегеним, добушка коюу учурунда бир нече темаларды коет эмеспи. Ошолордун арасына толук теманы жазбай, арсар түшүнүктөгү тема кылып добуштан өткөрүп жиберүү аракети жүрдү окшойт», — деди жазды жыйындан кийин Осмонов фейсбук баракчасына.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов депутаттарды Орозону айтып, «макул» деп добуш бергендерге басым кылбоого чакырды. Анын айтымында, казино чет өлкөлүктөр үчүн иштейт.

Ал эми мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири депутат Дастан Жумабеков кайра добуш берүүгө каршы чыкты. Ал төрагага кайрылып кайра добушка коюлса мызамды «бузган болосуз» деди.

«Стенограммага чыгып айтканы бул өзүнүн аброю үчүн айтып койду. Аны өздөрүнүн тарыхы үчүн айтты. Ошону эле сиз эске алып коюңуз. Регламентте ал добуш берди, кандай берсе ошондой эсептелди. Кайрадан сиз мыйзамды добушка койом десеңиз анда регламентти бузган болосуз. Өткөн мыйзам өттү. Дагы экинчи, үчүнү окуу турат. Ойлорун ошондо билдиришсин. Мыйзамдуу жолу ошол», — деди Жумабеков.

Ал эми мыйзам долбоорун колдогондордун бири депутат Шайлообек Атазов арам менен адалды ажыратуу үчүн жыйынга Аалымдар кеңешин чакырууну сунуштады.

«Арам боюнча айтып кеттиңиздер, мен намаз окуган депутат катары чыдап тура албайм. Бир күн арам менен адалды чечишип алалы, Аалымдар кеңешин чакырбайлыбы. Биздин иш кылып жаткандарыбыздын кайсынысы арам кайсынысы адал чечишип албайлыбы. Шайлоолордо талапкерлерден 500 миң доллардан, 1 млн доллардан топтолгон акчалар арамбы же адалбы карап койбойлубу», — деди Атазов.

Бирок төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору биринчи окууда өткөнүн белгилеп, кайра добуш берүү сунушун четке какты.

Ысык-Көлгө кумар зонасын ачуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу президент Садыр Жапаров да үн катты. Жапаров казино ачууга каршы болгондорду «алысты көрө албаган популист депутаттар» деп баалап, алар «кара пиар» жасап жатышат деген пикирде.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы “кара пиар” жасап жатышат», — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

Долбоор тууралуу

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумар ойноо зонасы курулат.

Ал 1200 гектар жерди ээлеп, зонага бир гана чет элдик жарандар кире алат — авторлор муну менен жумушчу орундар түзүлүп, казынага каражат түшөт деген пикирде.

Ошондой эле демилгечилер кумар ойноо борборун курууга мамлекет тарабынан каражат сарпталбайт деп ишендиришти. Алар долбоорду инвесторлор ишке ашырып, андан түшкөн пайданын 40%ы салык катары алынаарын айтышат.

Аталган мыйзам долбоору 25-январда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууго коюлган. Бирок коомчулукта ачык талкууланган эмес.

2019-жылдын сентябрында мындай долбоорду депутат Дастан Бекешев көтөрүп чыккан. Ал «Манас» авиабазасынын ордуна «жергиликтүү Лас-Вегас» салууну сунуштаган. Аталган аймакта 2014-жылга чейин АКШнын авиабазасы жайгашкан болчу.

Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.

Мыйзамдан долбоору жөнүндө кененирээк төмөндөгү материалдан окуңуз:

«Ысык-Көлдүн Лас-Вегасы». Депутаттар облуста кумаркана ачууну сунуштады