Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды

Блогер Батмакан Жолболдуева

Ош облустук соту 13-майда блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча арызды карады. Отурум жабык өтүп, сот Жолболдуеваны камакта калтырды.

21-апрелде Ош шаардык соту Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны 26-майга чейин камакта калтырган. Блогердин жактоочусу бул чечимди облустук сотко даттанган.

Судья мындай чечимин тергөө боюнча дайындалган экспертизалар толук чыга электиги менен негиздеген. Ага чейин тергөөчү Жолболдуеванын үй камагына чыгышы «иликтөө иштерине тоскоолдук жаратат» деген жүйөөнү келтирген.

Отурум башталганга чейин Жолболдуева журналисттерге ага тагылган айыптарды мойнуна албасын айткан. Ошондой эле журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө «күнөөлүүмүн деп эсептебейм» деп билдирген.

«Эч кандай тергөө ишин көргөн жокмун. Кармалган күнү келген, ошол боюнча тергөөчүнү көрө элекмин. Бир туугандарым тамак алып келсе дагы төрт күн киргизбей коюптур. Таза абага дагы чыгарган жок. Укугумду тебелешти», — деген Жолболдуева.

Ошондой эле блогер буга чейин өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаганын убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин «коркутуулары» менен байланыштырган.

Ал эми жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева блогерди камакта кармоо «мыйзамсыз» деп атаган. Анын айтымында, Жолболдуеванын жалгыз бой эне, жашы жете элек балдары жана картайган атасы бар экени «эске алынган эмес».

«Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан кийин ага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болду. Анын жактоочусу козголгон иштер негизсиз экенин айткан, ошондой эле муну блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы