Президент Садыр Жапаров маммографты оңдотууну каржылап, аппарат ишке кирди

«Помогать легко» коомдук фондунун башчысы Динара Аляева «Клоопко» Таластагы эмчек рагын аныктоочу көчмө маммограф оңдолгонун билдирди. Аляева Фейсбук барагына аппаратты оңдоотууга каражатты президент Садыр Жапаров бергенин жазды.

«Кесиптештерим жакшы кабар айтышты, маммограф иштеди! Садыр Жапаров ыкчам чара көрүп, оңдоотууга каражат бөлгөнү үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем!» — деп жазды Аляева.

Аляева Жапаров каражатты кайдан бөлгөнүн жана канча суммада экенин ачыктаган жок. Буга чейин ал аппаратты оңдотууга 6 миң доллар керектелерин жазган.

Аялдар үчүн маммограф

«Помогать легко» фондунун жетекчиси Динара Аляева 26-апрелде президентке кайрылып, эмчек рагын аныктаган маммографты оңдотууга демөөрчү таап берүүгө жардам сураган. «Бизде инвесторлор көп болуп, бирок оорулуулар үчүн акча жок болуп жатса, Кыргызстанда аялдардын ден соолугуна салым кошо турган инвесторду таап берүүнү суранам. Биз маммографтын ремонтун төлөп бере турган демөөрчүлөрдү таба албадык», — деп жазган ал.

Сөз «Эргэнэ» коомдук фондуна гуманитардык жардам катары берилген маммограф жөнүндө болуп жатат. Аялева белгилегендей, Таласта облусунда аялдар дарты залалдуу шишикке айланып баратканын дал ушул аппарат аркылуу билишкен.

Аляева маммограф эмчек рагын эрте стадиясында аныктоого жардам берет, ал эми аппараттын көчмө трейлери диагностиканы өлкөнүн булуң-бурчтарында жүргүзүүгө жардам берерин кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккан үч миңден ашык аял каттоодо турат, жылына 400гө жакын жаңы учур аныкталат. Улуттук онкология борборунун маалыматында, 2020-жылы 626 аялга «эмчек рагы» диагнозу коюлган.