Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдары үчүн жаңы имараттын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу 12-майда өлкө башчысынын администрациясынан билдиришти. Бирок имарат кайда жайгашканы айтылган жок.

Имаратты ачуу иш-чарасына минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышты.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Акылбек Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин администрациясынын билдирүүсүндө Садыр Жапаров «мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт» деп ишенери айтылат.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат», — деди президент иш-чарада.

2021-жылдын сентябрынан тарта өлкөнүн аймактарында УКМКнын кызматкерлерине жаңы имараттар ачылууда. Өткөн жылдын ноябрына карата Ташиев жети жаңы имараттын ачылышына катышкан. УКМК имараттар кайсыл каражатка салынып жатканын айткан эмес.

2022-жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курулуп баштаган.