Санарип өнүктүрүү министри кээде Ширшов менен жолугуп турарын билдирди

«Дастан» Транс улуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовдун айланасындагы чуу дагы деле басыла элек. Коррупцияга шектелген Ширшов үй камагына чыккандан кийин санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен жолукканы маалым болду.

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, 11-майда Ширшов, Иманов жана Нурлан Байымбетов аттуу дагы бир киши «Дастан» компаниясынын директору Эрик Апышевдин кабинетинде жолугуп, эки саатка жакын маектешишкенин кабарлады. Басылма белгилегендей, Ширшов имараттан чыгып баратканда Апышевдин кызматтык унаасынан түшүп, Имановдуку болушу мүмкүн автоунаага отурганын тартып калган.

Бирок Иманов Ширшов ал күнү өзүнүн унаасына түшкөнүн төгүндөдү. Имановдун айтымында, андай унаасы жок.

«Унаама түшкөн эмес», — деп кошумчалады ал.

Чиновник Алексей Ширшов менен жолугуп турарын, жашыра турган эч нерсе жоктугун дагы белгиледи.

«Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү», — деген ал «Азаттыкка».

Имановдун Ширшов менен байланышы

Санарип өнүктүрүү министрлигинин учурдагы башчысы Талантбек Иманов Алексей Ширшов менен көптөн бери эле тааныш. Иманов 2010-жылдаы апрель революциясына чейин «Дастан» заводунда күзөтчү болуп иштеген, кийин Ширшовдун жеке шоопуру болгон.

Ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин Иманов «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Дастан» заводунун туундуу компаниясы «Улан» жана «Полигон» ЖАКта жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Иманов 2020-жылдын март айынан тарта «Дастан» заводунун башкармасынын төрагасы болгон. 2022-жылдын башынча санарип өнүктүрүү министри болуп дайындалган.

Иманов 2010-жылы Ширшовдун үйүн тоноо боюнча кылмыш иштин алкагында сотто күбө катары суралган. Имановдун айтымында, 2010-жылдын сентябрь айында ага Алексей Ширшовдун атасы байланышка чыгып, «алардын үйүн караганча жашап турууну» өтүнгөн. Журналисттер Иманов азыркы күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашап жүргөнүн аныкташкан.

Ширшовдун кармалып кайра коё берилиши

Ширшов 2007-жылга чейин «Түндүкэлектрдин» жана «Электр станцияларынын» каржылык директору, андан соң 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Дастан» ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон. Курманбек Бакиев президент болуп турганда Ширшов президенттин уулу Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Эл ичинде аны энергетикалык тармакта «ширшовдун схемасы» деп аталып калган коррупциялык схеманын автору деп аташат.

Алексей Ширшов. Сүрөт: AKIpress.

УКМК Ширшовду 2022-жылдын 10-майында коррупцияга шектеп кармаган, бирок сот атайын кызматтын тергөө бөлүмүнүн өтүнүчү менен аны ошол эле күнү кайра үй камагына чыгарган.

Бул коомчулукта нааразылыктарды жараткан. Андан соң Ширшов боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин билдирген. Президент Ширшов Максим Бакиевдин 200 млн долларын кайтарууга көмөктөшүп жатат деп айткан.

Ошондой эле Жапаров Ширшовго кылмыш иштери козголгон эмес жана издөө жарыяланган эмес деген. Президенттин айткандарын Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров төгүндөп, Ширшовго бир нече кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ширшовдун үй камагына чыгарылышына оппозиция дагы реакция жасаган.

«Бакиевдерге карата аяктаган кылмыш иштерге байланыштуу укук коргоо, сот органдарынын иш-аракеттери, биз тарабынан аларды реабилитациялоо жана кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтарып берүү аракеттери катары бааланат. Президент тарабынан аларды ачык колдоосу, алардын таасири күчөп баратканын жана балким, Жапаров “бакиев заманын” калыбына келтирүүгө жеке кызыктар экенин көрсөтөт. Ал эми анын эжеси Райкүл Жапарова Максим Бакиевдин коррупциялык схемаларына, рейдерлик аракеттерине катышканы эч кимге жашыруун эмес […]», — деп айткан Бириккен демократиялык кыймыл.

Тема боюнча окуңуз: Бекназаров: Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгон, президентти катуу жаңылтып жатышат

Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты