Иликтөө: Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин инилеринин бизнеси

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эки иниси бир канча компанияга ээлик кылаарын аныкташты. Зулушев 2020-жылкы октябрь окуяларынан соң чоң кызматка келген аткаминерлердин биринчиси.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Зулушевдин Рыскул жана Дарманкул аттуу эки иниси бар. Алардын фамилиясы башкы прокурордун фамилиясынан «Зулушов» деп бир тамгага айырмаланып турат. Экөө тең учурда ишкердик менен алектенет.

Зулушовдорго таандык компаниялар

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «ЖазыГидро» энерго компаниясынын директору катары Курманкул Зулушевдин 50 жаштагы иниси Дарманкул Зулушов көрсөтүлгөн. Аталган компания 2016-жылы негизделип, Гидроэлектрстанциялардан электр энергиясын өндүрүү менен алектенет. Компания мамлекеттик бюджетке 2021-жылы 5290 сом салык төлөгөн.

Мындан тышкары, Юcтиция министрлигинин маалыматына ылайык, Дарманкул Зулушов «Ырыс Ордо» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул компания 2019-жылы каттоодон өткөн жана Ош шаарында имараттарды куруу менен алектенет.

Сүрөт 2022-жылдын 25-мартында тартылган.

Ишкананын түзүүчүлөрүнүн арасында «Ата-Журт – Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка аттанган Нурланбек Абиев жана бизнесмен Майрамбек Рысбеков дагы бар.

«“Ырыс Ордо” компаниясы курган 13 кабаттуу имараттын бир чарчы метри 650 долларды түзөт. Компаниянын сатуу бөлүмү учурда 11, 12 жана 13-кабаттан тышкары батирлердин баары сатылып кеткенин билдирди»,— деп айтылат журналисттердин маалыматында.

Ал эми Курманкул Зулушевдин 45 жаштагы дагы бир иниси Рыскул Зулушов буга чейин Ош облусунун сот департаментинин жетекчиси болуп иштеген.

Учурда Рыскул Зулушов ишкерлик менен алектенет. Ал 2021-жылы негизделген «Рыс гидро» жана «Кайнама ГЭС» энергокомпанияларына ээлик кылат.

«Рыскул Зулушевдин ысымы “Ырыс Ордо” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында жок болгону менен, ал 2021-жылдын жаз айларынан бери аталган фирмаларга ээлик кылат»,— деп айтылат маалыматта.

Курманкул Зулушев

Башкы прокурор Курманкул Зулушев.

2020-жылдын 21-октябрында ошол кездеги премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Курманкул Зулушевди Башкы прокурор кылып дайындаган. Зулушев жалгыз талапкер болуп, депутаттардын колдоосуна арзыган.

Зулушев 2015-жылы «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо болсо азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.

Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Ошол эле жылы Курманкул Зулушев Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актаган соттук коллегияга мүчө болгон. Андан соң Алмазбек Атамбаев Зулушевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошоткон.

Зулушев өткөн жылы тапшырган декларациясында 2020-жылы 750 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошондой, 250 миң сомдук бодо малы, 2,3 млн сомдук жылкылары бар экенин маалымдаган. Анын жакын тууганына 119 жана 213 чарчы метрлик эки үй катталганын, 81 айыл чарба жери бар экенин билдирген.