Кыргызстандык D Billions тобунун ыры Евровидениеде жаңырды

Кыргызстандык D Billions музыкалык тобунун My name Is ыры Италияда өтүп жаткан «Евровидение-2022» музыкалык сынагында жаңырды.

Конкурстун экинчи жарым финалында теле алып баруучу, шоумен Алессандро Каттелан аталган ырдын үзүндүсүнө бийчилер тобу менен бийледи. Аталган ыр буга чейин ТикТок платформасында популярдуу болуп, трендге айланган.

D Billions тобунун өзүнүн Ютуб каналы бар, ал 2021-жылы Ютубдун бриллиант баскычын алган.

«D Billions тобу дүйнөдөгү эң ийгиликтүү Ютуб-каналдардын бири боло алды! Биз бриллиант баскычыбызды алдык! Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу! 12 миллион катталуучуга, 11 миллиард көрүүгө жеттик! Дүйнө боюнча эң мыкты делген бардык чарттарга, тизмелерге кире алдык», — деп жазган ырчы Чолпонай.

Блогерлер тобу балдар үчүн англис тилиндеги ырларды ырдап, роликтерди тартышат.

«Евровидение-2022» сынагы Италиянын Турин шаарында 8-майдан 14-майга чейин өтөт.