«Мыйзамга ишенбейм». ИИМдин мурдагы кызматкери президентке кайрылды

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Карима Жапаркулова Фейсбук барагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал ага жок дегенде төмөнүрөөк болгон кызмат сунуштабастан иштен алышканын жана акы төлөшпөгөнүн айтып даттанды.

«Мен сизге [президент Садыр Жапаровго] Конституциянын, жарандардын укугу жана эркиндигинин кепилдиги катары кайрылып жатам! Милиция кызматкерлери өздөрү корголгон эмес жана сизге эч бири ачык жаза алышпайт. Мен болгону өзүмдүн учурумду айтып бердим [...] Мындай учурлар өтө көп, ишенип коюңуз. Мен пенсияга кетүү үчүн рапорт жазууга аргасыз болдум, анткени менин жашаганга башка эч кандай каражатым жок болчу», — деп жазды ал.

Жапаркулова аны жумуштан кетүүгө кантип мажбурлашканын айтып берди.

«Мени 2021-жылдын 17-августунда жумуштан кетиришкен, ал эми буйрук ошол жылдын 3-сентябрында гана чыккан. 17-августтан тарта мен Чүй ОИИБдин курамына которулганмын. 2021-жылдын 10-сентябрында ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын убактылуу аркалап турууну сунушташты. Бирок тиешелүү айлык акы төлөшкөн жок, курамдык кызматкер катары маяна алгам. Кийинки эки айда даража жана кызмат стажы үчүн болжол менен 1800 сом алдым», — деп жазды ал.

Жапаркулова милициядан алган акча эч нерсеге жетпегенин белгиледи.

«Мен — үй-бүлөдө жалгыз багуучумун. 2 балам бар [...] Жетекчиликке бул тууралуу бир нече жолу айтканмын жана бир жолу министрдин атына рапорт да жазганмын. Бул каражатка кантип жашаса болот? [...] Албетте, тыйын-тыпыр алып жатып, 2021-жылдын 10-ноябрынан тарта отставкага кетүү тууралуу рапорт жазганмын», — деди Жапаркулова.

Ал президенттен анын жумуштан алынуусун иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырууну суранды.

«Эгер ИИМ иликтесе, “баары мыйзам чегинде болгон” деп айтышарын билем. Болгону бир гана менин жумуштан алынуумду териштирип бериңиздер — ошондо мен мыйзамга ишенем. А негизи мыйзамга ишенбейм. Бул тууралуу жадагалса саламаттык сактоо министри айтып жатат. Анткени адам укуктары корголушу керек болгон ИИМде да тескерисинче укуктар бузулуп жатат», — деп кайрылуусун жыйынтыктады ал.

Жапаркулова ИИМ 5-мартта өткөргөн кызматтык конкурска катышууну каалаганын, бирок ага ал «квалификациялык талаптарга жооп бербей турганын айтышканын» кошумчалады. Ал «өздөрүнүн кишилерин талаптарга жооп бербесе да кызматка дайындашты» деп белгиледи.