УКМК: ССМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында Ысык-Көл облусундагы саламаттык сактоо координатору — Каракол шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү аял 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

«Маалым болгондой, “Б.Ж.” акча каражатын Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелердин кызмат адамдарынан алган, алар болсо өз кезегинде акчаны орто кызматтагы кызматкерлерден чогултуп беришкен», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.