Эдил Байсалов Акылбек Жапаровду «ичи тарлар жана көрө албастар» сындап жатат деп эсептейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованы жана активист Атай Бейшенбекти сынга алды.

Жакупова Фейсбук барагына Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» комплексинде Жапаровду салтанаттуу тосуп алышканы тууралуу видео жүктөгөн. Жакупова аземди «кемсинтүүчү кулчулук» деп атап, минкабдын төрагасын «заманбап жетекчи» катары мындай көрүнүшкө тыюу салууга чакырган.

«Кыргыздар, эл-журт! Мунун эмне кереги бар?! Өзүбүз эле ар кандай акылдууну жиндиге айлантып алабыз го! Мунун баарына карап туруу уят го… Акылбек Жапаров, мындай нерселерге алданбаңыз, сураныч», — деп жазган ал.

Бирок Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов Жапаровду Фейсбук барагында коргоп чыкты. Талкууга алынган иш-чарага Байсалов өзү да катышканы белгилүү болду.

«Эки күн Чолпон-Атада туризмге арналган бир канча иш-чара өттү. Азыр Фейсбукту ачсам, баягылар эле ичи тарлык, көрө албастыктарын улантышып, "хан кылып тосупсуңар, андай кылбагыла" деп акыл үйрөтүшүптүр. Эл-журт, мобул Атай Бейшенбек (активист), Чолпон Жакупова жана баягылар өмүрүндө эмне көрүшкөн, эмнени билишет?», — деп жазды Байсалов.

Ал ошол күнү «Рух Ордо» комплексине он чактыдай элчи, бир канча алыскы жана жакынкы мамлекеттен расмий жана ири бизнестин өкүлдөрү, республиканын булуң-бурчунан туризм менен алектенген жүздөгөн адистер, борбордон жана өрөөндөн жооптуу кызматкерлер, короо толо журналисттер чогулушканын белгиледи. Анын айтымында, бул күнү туризм сезону ачылган.

Байсалов видеого тартылган иш-чара катышуучуларга жергиликтүү маданиятты көрсөтүү максатында уюштурулганын белгиледи. Мындан тышкары минкабдын төрагасынын орун басарынын айтымында, буга окшогон театрлаштырылган майрамдар дүйнө жүзүндө өткөрүлүп келет, ал эми майрамды тескери бурмалап, кошоматтыкка айланткандары — бул «түркөйлүк жана кадимки көрө албастык».

«Мен дагы катураак айтат элем. "Эмоцияга алдырба" деп атышат. Өмүрүндө эч нерсе көрүп-билбегендерди укпагыла. Мамлекет эмне экенин, “М” тамгасын да билишпейт. Анан ышкыргандары таш жарат дейсиң», — деп жыйынтыктаган ал сөзүн.

Дагы окуңуз: Эдил Байсалов: Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, карасанатайларды укпаңыздар