Видео: Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси пара алууга шектелип жатат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акча талап кылуу жана пара алууга шектелип жатат.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоонун координатору жана Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын маалымдаган. Ал 100 500 сом пара алып жатканда кармалды деп билдиришкен.

«Клооптун» укук коргоо органдарындагы маалымат булагы саламаттык сактоонун Ысык-Көл облустук координатору акча алып жатканда, жанында министрдин кеңешчиси да болгонун билдирди.

Ал суракка алынып, кайра коё берилген. Маалыматы булагыбыз билдиргендей, министрдин кеңешчиси кайрадан кармалса керек деп божомолдоду. Анткени ага карата каршы көрсөтмө берилгенин айтты.

УКМК жарыялаган сүрөттөрдөн кармоо учуру тойканалардын биринде болгонун көрүүгө болот. Ошол эле учурда Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу, активист Атай Бейшенбек Ысык-Көлдө өткөн медиктердин иш-чарасынан видео жарыялады.

Тасма тойканада тартылган. Анда бийлеп жаткан медиктерди жана министр Алымкадыр Бейшеналиевди да көрүүгө болот.

Бейшенбек ошол күнү медайымдардын кесиптик майрамы белгиленгенин жана окуя Жети-Өгүз районунда болгонун кабарлады.

Анын айтымында, саламаттык сактоонун координатору менен министрдин кеңешчисинин кармалышы бир топ суроолорду жаратат.

«Арызды ким жазды? Эмне себептен оперативдүү съемкада, пресс-релизде жеке жарандардын каражаттарын пара катары көрсөтүп манипуляция кылдыңар, 200 доллар менен лиранын ишке тиешеси жок да! Кармоо учурунда көрсөтүлгөн конверттерде медициналык уюм, канча адам жана баардыгында 1200 сомдон чогултканы жазылганына кызыгып көрдүңөрбү? Той канадан эмне себептен фактически сиздер атап жаткан взятканын передачасын оперативдүү съемкада көрсөткөн жоксуздар?» — деп суроо салды ал.