Мектепте окуучулардын суроолоруна жооп берген Өзүбек ажы Чотоновдун үстүнөн арыз түштү

Marva TV телеканалынын «Эмне дейсиз» берүүсүнүн эфирлеринин биринде диний үгүттөөчү Өзүбек ажы Чотонов мектеп окуучуларынын суроосуна жооп берип жатып «көп аялы бар экенин» айткан деген маалымат тарады.

*Кыргызстандын көп аялдуулукка тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, айыпталуучулар жүздөн үч жүз саатка коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууга жазаланат.

«Зоболо» басылмасы жазгандай, Чотонов Бишкек шаарындагы №84, №77, №96 жана Сокулук районуна караштуу «Орок» орто мектебинин окуучулары менен №84 мектепте жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген.

«Зоболого» мектеп окуучуларынын ата-энелери кайрылып, Чотонов балдарга дин, аялдын коомдогу орду, өзүнүн жеке турмушу тууралуу айтып бергенин кабарлашкан. Басылма ата-энелердин өтүнүчү менен мектептерди кыдырып, директорлорду да сөзгө тарткан.

«Иш-чаранын жүрүшүндө Чотонов окуучуларга кыз кишинин коомдогу жана үйдөгү ордун, аялдын күйөөсүнө болгон милдеттерин таңуулап, даават айткан. Катар-катар суроолорун узатып, сөз талашып жооп берген окуучуларга “Бирдик салып алгыла” деп 200-300 сомдон тараткан. “Сиздин канча аялыңыз бар” деген окуучулардын суроосуна, “азыр үч аялым бар, эми төртүнчүсүн издеп жатам” деп айткан», — деп жазат басылма.

Жолугушуу өткөн №84 мектептин директору Динар Иманалиева окуя болгон күнү иш ордунда жок болгонун белгилеп, иш-чарага орун басарлары катышканын айткан. Ошондой эле, дебат мектепте өтөрү тууралуу кабарым жок болчу деп жооп берген.

«Ал күнү мугалимдердин айлыктары түшүп, эсептеп берип, бошобой жаткам. Ошондо актовый залга барсам, Өзүбек ажы бар экен. Темирландан “Бул эмне?” деп сурасам, “Жаштар сүйлөсүн” берүүсү деди. “40 мүнөт болуп калды, балдарды үйлөрүнө кетиришибиз керек. Бүтүрүңүздөр!” десек, дароо эле бүтүрдү. Андан кийин окуучулар үйлөрүнө тарап кетишти», — деп түшүндүргөн директордун орун басары.

№77 орто мектептин директору Аида Дөөталиева ошол күнү райондук чогулушка кеткенин айтса, «Орок» орто мектебинин директору Айнур Исакова ооруканага барганын белгилеген. Ал эми №77 мектептин мүдүрү журналисттер барган күнү иш ордунда жок болуп чыккан.

Өзүбек ажы жана алып баруучу эмне дейт?

Өзүбек ажы Чотонов. Сүрөт: «Эмне дейсиз» берүүсүнөн скриншот. 

Ал эми диний үгүттөөчү Өзүбек ажы Чотонов «Клоопко» курган маегинде айтылган сындарды четке какты. Анын айтымында, мектепке эмес, теле берүүгө тартылуу үчүн барган, көрсөтүүгө мектеп окуучулары катышкан.

«Мени “даваат кылды, акча таратты” деп кимдир бирөөлөр арыз жазыптыр. Мен “Жаштар жана сүйүү” темасындагы көрсөтүүгө тартылуу үчүн баргам. “Мектепте окуп жүргөндө сүйүшпөгүлө, боюңарга бүтүп калат, алдап кетет” деген сыяктуу сөздөрдү айткам. Лекция окуган эмесмин, насыйкат да айткан эмесмин», — дейт ал.

Ал эми «мектеп окуучуларына акча таратты» деген маалымат дагы чындыкка дал келбегенин айтат.

«Активдүү катышкан, жакшы сүйлөгөндөргө “приз” беребиз дегенбиз. Калыстар тобу 4 окуучуну тандап, 700 сомду төртөөнө бөлүп бергенбиз. Аны элдин баары көргөн», — деп белгиледи Чотонов.

«Эмне дейсиз» берүүсүнүн алып баруучусу Темирлан Акматов болсо 30-апрелде мектеп окуучуларынын катышуусунда тартылган көрсөтүүнүн тасмасы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

«Биз орган кызматкерлери, менин адвокатымдын катышуусунда тасманы чогуу көрдүк. Азыр текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Арызда жазылгандардын баары куру доомат», — деп белгиледи ал.

«Эмне дейсиз» берүүсүнүн «Жаштар жана сүйүү» темасындагы талкуусун Studio AZ Ютуб каналынан таба алган жокпуз.

Билим берүү министрлиги менен ИИМ эмне дейт?

Маалымат жарыялангандан тартып биздин редакция билим берүү министрлигинен комментарий алууга аракет кылды. Тилекке каршы ведомствонун маалымат катчысы Самат Тоялиев журналисттер үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Ал эми №84, №77, №96 мектептер караштуу болгон Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынан «маселе юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдары тарабынан каралып жатканын» маалымдашты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» окуя Ленин райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерилгенин билдиришти. Анын натыйжасында, «мыйзамга жат келген маалыматтар таратылганы тастыкталган эмес» деп белгилешти.

«Азыркы учурда Өзүбек ажы Чотоновдун Бишкек шаарынын үч, Орок айылынын бир мектебине “даваатчы катары барганы боюнча” маалымат текшерилди. Кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу иш козголгон жок», — дешти министрликтен.

Анткен менен ИИМден Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына аты аталган мектептердин директорлоруна, окуу бөлүмүнүн башчыларына чара көрүү боюнча кат жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

Келиндин милдети, кыздардын адеби, көп аялдуулук

Блогер Илимбек Исраилов. Сүрөт: «Эмне дейсиз» берүүсүнөн скриншот. 

Studio AZ Ютуб каналына жарыяланган «Эмне дейсиз» талкуусуна жаштар, студенттер жана мектеп окуучулары катышат. Талкуунун ар дайымкы коногу Өзүбек ажы Чотонов. Анда «Азыркы келиндер милдеттерин билбей калышты», «Келиндин негизги милдети кандай?», «Кыздарыбыздын адеби кандай болуп жатат» деген сыяктуу темалар талкууланат.

Исраилов «Азыркы келиндер милдеттерин билбей калышты» деген талкууда эки аялы, эки баласы бар экенин ачыктаган.

«Бир расмий келинчегим, бир жарандык келинчегим бар. Буга менин карманган диним жол берет. Дагы экөөнү издеп жатам», — деген ал.

Исраилов Ошто Матраимовду колдоо митингине да катышып, «Азаттык» менен «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылган. Ал эми 2021-жылы марттагы бейөкмөт уюмдардын нааразычылык акциясына каршы чыккан. Бул митингде ал «Клооп» жана «Азаттык» басылмаларына каршы элди тукурууга аракет жасаган эле.

Мындан тышкары, Temirov Live’дын журналисттери Исраилов 2021-жылдын 15-апрелинде өткөн бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы митингдин модераторлорунун арасында болгонун аныкташкан.