Минкаб «Кыргыз Туризм» ишканасын жоёт

Министрлер кабинети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын жоёт. Бул боюнча токтомго минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 30-апрелде кол койгон.

Токтомго ылайык, Маданият министрлигине ишкананы жоюу комиссиясын түзүү жана ишкананын бошогон кызматкерлерине мыйзамдарга ылайык чыгуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларын төлөө үчүн акча каражаттарын бөлүү тапшырмасы дагы берилди.

минкаб мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоорлорду колдоого даяр. Бул тууралуу Жапаров 14-майда Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйынында айтты.

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Акылбек Жапаров Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында. Сүрөт: Минкабдын сайты.

Жыйында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды.

Минкабдын төрагасы быйыл өлкөгө туристтер көп келери күтүлүп жатканын, мындан улам «колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин» белгиледи.

«Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасы 2019-жылдын башында түзүлгөн. Анда ишкана «туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлгөнү» айтылган.

«Мамлекеттик ишкана инвестицияларды тартат, бирок өзүнө эмес, түздөн-түз туризм тармагына тартат, туризм тармагында мамлекеттик менчикти бьашкарат, туризмдин ар башка түрүнө кызыктар рынокторду издейт. Ошондой эле ишкананын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү үчүн каражаттар жыйнала турган фонд ачылат», — деген 2019-жылы туризм департаментинин мурдагы директору Максат Дамир уулу.