Өткөн жылы жабылган «Түндүк» мамлекеттик ишканасы кайра түзүлдү

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Документтин тиркемесинде жаңы мекеме мамлекеттик органдардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүүдө техникалык координациялоону камсыздашы керектиги айтылат.

Мындан тышкары, «Түндүк» мамлекеттик мекемеси төмөнкүлөрдүн оператору болуп аныкталды:

  • «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
  • Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;
  • Бирдиктүү идентификациялоо системасы;
  • Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;
  • Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.

«Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине канча айлык төлөнөт?

Кол коюлган документтин тиркемесинде мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү тууралуу дагы маалыматтар көрсөтүлгөн.

Кызматкерлердин маянасы төмөнкүдөй болот:

  • директор — 120 000 сом;
  • директордун орун басары — 115 000 сом;
  • долбоордун координатору — 110 000 сом;
  • архитектор — 130 000 сом;
  • дизайнер — 80 000 сом;
  • башкы бизнес-аналитик — 100 000 сом;
  • IT-аналитик — 90 000 сом;
  • бизнес-аналитик — 70 000 сом;
  • башкы программист — 120 000 сомов;
  • программист — 95 000;
  • кенже программист — 75 000 сом;
  • системалык администратор — 100 000 сом;
  • маалыматтык коопсуздук боюнча адис — 90 000 сом;
  • тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис — 70 000 сом;
  • IT- юрист — 55 000 сом;
  • бухгалтер — 55 000 сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис — 30 000 сом.

Буга чейин Кыргызстанда «“Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору» бар болчу. Бирок 2021-жылы ал кайрадан түзүлүп, «Түндүк» «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын курамына киргизилген.

Электрондук документ жүгүртүү

2022-жылдын декабрында президент Садыр Жапаров дагы минкабга электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Ал минкабдын 25-декабрдагы жыйынында электрондук документ колдонуу системасына өтүүгө даярдык көрүү үчүн 15 күн убакыт берген.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп эскерткен президент.

Андан кийин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2022-жылдын апрелинен тартып мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүтүүгө өтүшөрүн билдирген. Анда Жапаров электрондук документ жүгүртүү системасына кошулууда эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусундагы мамлекеттик органдар арасында байкалганын айткан. Ал жерде 105 айыл өкмөттүн 74ү гана электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган.