Арзыбек Кожошев пара алуу шектелип кармалган кеңешчисин бошотту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев пара алууга шектелип кармалган кеңешчисин кызматтан бошотту. Бул тууралуу чиновник Фейсбук барагында билдирди.

Кожошев кеңешчиси кармалганы тууралуу жаңылык күтүүсүз болгонун билдирди.

«Менин кеңешчимдин кармалуусу боюнча маалыматты уккандан бери ыңгайсыз абалга келип олтурам. Чынымды айтсам, мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти», — деп жазды ал.

Кожошев окуяны эске алып, кеңешчисин кызматтан бошотконун белгиледи.

«УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып, аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым», — деп түшүндүрдү Кожошев.

Аткаминер кеңешчисинин кармалышынын өзүнүн да, минкабдын да ишине эч кандай тиешеси жокутугун кошумчалады.

«Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам», — деп суранды Кожошев.

Кеңешчинин кармалышы

Кожошевдин кеңешчисин УКМК 16-майда кармаган. Ал америкалык ишкерден 70 миң доллар пара алган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү 2016-жылы бизнесменге Кыргызстандан Кытайга эшектерди алып чыгууга уруксат берүүчү документтерди алып берүүнү убадалаган. Бирок бизнесмен документтен да, акчадан да куржалак калган.

Факты «Пара алуу» беренеси менен катталган. Кожошевдин кеңешчиси 14-майда каражаттын бир бөлүгүн ишкерге кайтарып берип жатканда кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

УКМКдан шектүү мурда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгонун белгилешкен.