«Кыргыз почтасынын» мурдагы жетекчиси Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарына мэр болду

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри болуп Дамир Моңолдоров дайындалды. Тиешелүү буйрукка райондун акими Мурат Раматов кол коюп, 16-майда жаңы мэр жамаатка тааныштырылды.

Шаардын буга чейинки мэри Нодирбек Каримов 30-апрелде кызматтан алынган. Ага чейин Башкы прокуратура Каримовго карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгогон. Ал 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергени айтылган.

Дамир Моңолдоров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Ал тарых факультетинде жана авиациялык окуу жайда билим алган.

2003-жылдан 2009-жылга чейин Ысык-Көл районунун акиминин орун басары болгон, 2009-2010-жылдары Балыкчы шаарын башкарган.

Ал эми 2013-2014-жылдары Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткарып, андан кийин БШКнын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болуп иштеген.

Мындан сырткары, ал 2016-жылдан 2020-жылга чейин Ысык-Көл облустук администрациясында облус башчынын биринчи орун басары болгон.

Андан соң «Кыргыз почтасында» жетекчи болгон. Моңолдоров 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №34 Жети-Өгүз округунан талапкер болгон. Бирок Жогорку Кеңешке өтүү үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

Моңолдоров Ысык-Көл облусунун башчысынын орун басары болуп турганда кызматтык унаасына жасалма номер тагып жүргөнү айтылып, милиция сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Соцтармак колдонуучулары Моңолдоровго тиешелүү «Toyota» автоунаасынын 09 KG 002 AC мамлекеттик номери Carcheck сервисинде Mercedes-Benz S350 үлгүсүндөгү унаага таандык экенин таап чыгышкан. Аталган номердеги унаа «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында бир нече миң сом айыппулга жыгылганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн шаарынын мэри кызматынан бошотулганы айтылды