Өзгөн шаарынын мэри кызматынан бошотулганы айтылды

Оштогу бир катар жергиликтүү ЖМКлар Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов кызматынан бошотулганын жазышты. Тиешелүү буйрукка райондун акими кол койгону айтылды.

Учурда анын кызматтан алынганы боюнча расмий маалымат бериле элек. Ал эми ОшТВ анын кызматтан алынуусуна Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун коллегиялык жыйындагы «сунушу негиз болгонун» кабарлады.

Буга чейин Башкы прокуратура Каримовго карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Каримов 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергени аныкталган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, жер тилкелердин жалпы аянты 9 миң чарчы метрди түзгөн. Мыйзам бузуганы жер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын текшерүү учурунда белгилүү болгон.

Кылмыш иши сотто каралып жаткан, андан тышкары, райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жерлерди кайтаруу үчүн сотко кайрылган.

Нодирбек Каримов 2013-2015-жылдары Өзгөн шаарынын мэри болуп турган. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал эми 2021-жылдын июнунда кайрадан Өзгөн шаарына мэр болуп шайланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн шаарынын мэри жерди мыйзамсыз берүүгө айыпталууда