«Системадагы чөөлөрдү тазалайбыз». Министр Бейшеналиевдин реформасын колдогон митинг өттү

17-майда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Алымкадыр Бейшеналиевдин реформасын колдоо митинги өттү. Анда ондогон адам «министрди каралаганы үчүн» орун басарларын кызматтан алууну талап кылышты.

Акциянын катушуучулары министр туура багытта реформа жургүзүп жатканын белгилеп, «коррупция менен күрөшкөндөр куугунтукка алынып жатат» деген пикирин билдиришти.

Минитгди уюштургандардын бири, активист Атай Бейшенбек президент Садыр Жапаровго кайрылып, саламаттык сактоо министрин орун басарлары «саботаж кылганы үчүн кызматтан алынсын» деген талабын билдирди.

«Бейшеналиевдин реформалык кадамдарын колдоого алыш керек! Эгер мыйзам бузуу аныкталса ачыктагыла, жоопко тартылсын деп биринчи талап кылабыз!», — деди ал.

Акциянын катушуучулары «Реформадан колуңарды тарткыла», «Биз Бейшеналиев менен», «Баракелде министр, колуңан келет, сага ишенебиз» деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Буга чейин активист Атай Бейшенбек Фейсбук барагына «Системадагы чөөлөрдү тазалайбыз» деп жазып, соцтармактын колдонуучуларын митингге чыгууга чакырган.

Бейшеналиев менен орун басарларынын тиреши

Сүрөт: Канымгүл Элкеева/Azattyk

Буга чейин, 16-майда саламаттык сактоо министринин орун басарлары жана бир катар башкармалыктардын жетекчилери маалымат жыйын курган. Алар министр «этиканы сактабай», кызматкерлерди «мазактап, коркутуп жүргөнүн» айтышып бийликтен Алымкадыр Бейшеналиевди жумуштан алууну суранышкан.

Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев маалымат жыйын курууга министрдин «чектен чыгып кеткен жоруктары» мажбур кылды деп түшүндүргөн.

Ошол эле күнү кечинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, ага карата «каралоолор жана бут тосуулар болуп жатканын» айткан. Министр буга орун басарларын күнөөлөгөн.

Бейшеналиев кайрылуу жолдоп, анын үстүнөн арыздангандардын баары «10-20 жылдан ашык министрликте иштегенин» белгилеп, «медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам» деп билдирген.

Тема боюнча:

«Спектаклдын артында кимдер турганы ачыкка чыкты». Саламаттык сактоо министри кайрылуу жасады

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ага жалган жалаа жабууну каалап жатышканын айтты